Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 11:47
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Парламентте желекти өзгөртүү боюнча жыйында депутаттар айтыша кетти

19.12.2023 13:25
312
Парламентте желекти өзгөртүү боюнча жыйында депутаттар айтыша кетти


Желектин авторлугун эч ким талашпайт, деп билдирди депутат Улан Примов Жогорку Кеңештин бүгүнкү Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында.


«Ким мурда автор болсо, ал автор бойдон кала берет. Биз желекти өзгөрүп жатат деп кабыл албашыбыз керек. Муну жакшыртуу, түзөтүү катары чечмелөө керек», - деди ал.


«Сиз муну жакшыртуу, түзөтүү деп айтып жатасыз. Эгер адамга каштын үстүнө каш тартса, бул түзөтүү же өзгөртүү катары каралабы?» – деп сурады депутат Мирлан Самыйкожо.


«Адамдын жүзүн салыштырбаш керек. Эч ким каштын үстүнө башка каш тартпайт, балким тактык үчүн каштын үстүнө чийет», - деп жооп берди Примов.


"Демек, бул түзөтүүбү же өзгөртүүбү?" – деп кайра Самыйкожо туу маселесине кайрылды.


"Адам ашыкча кашты кантип тартат?" — деди Примов.


«Коңшу өлкө борбор калаанын атын Астанадан Нурсултанга өзгөрткөнүн билесиздер. Бүгүн таң калычтуусу, кайрадан Астана деп аталды. Мен президенттин саясатына каршы эмесмин, бирок желекти өзгөртүүгө каршымын. Бул бийликтин өмүрү узун болсун, өлкөдө стабилдүүлүк болсун. Ишенип койгула, 20-30 жылдан кийин бийлик алмашканда бул желек кайра кайтарылат», - деди Самыйкожо.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн