Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Парламенттеги эки фракция Эдил Байсаловду кызматтан алуу боюнча президентке сунуш киргизди

28.04.2023 17:14
362
Парламенттеги эки фракция Эдил Байсаловду кызматтан алуу боюнча президентке сунуш киргизди

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттар тобу өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу чечимин чыгарды. Бул чечими сунуштама катары президентке жөнөтүлөт.


Аталган фракциялар кошмо жыйын өткөрүп, 2024-жылы Глобалдык фонд тарабынан бериле турган 29 миллион доллардын максаттуу пайдаланышын талкуулашты. Эл өкүлдөрү каражаттын көпчүлүк бөлүгү гомосексуалдарды колдоого жумшалып жатканын, ага мамлекеттик көзөмөл киргизүү керектигин айтышты. Себеби учурда грантты ПРООН алып, улуттук каада-салттарга жат көрүнүштөрдү колдоого сарптап, отчет да бербей жатканын белгилешти. Ал эми Байсалов муну көзөмөлдөбөй турганын айтып, ЖКга кыйнап эле чакырышканын билдирди.


Бирок депутат Надира Нарматова бул маселени көзөмөлдөө анын түздөн-түз милдети экенин айтты.


"Депутаттарга чабуул жасагандан башка жакшы бир жооп бербедиңиз. Ким сүйлөсө ошого тап берип жатасыз. Өз милдетиңизди аткаргыңыз келбей жатат. Эки фракциянын чечимин чыгарып, президентке сунуш берели, кызматтан алып, ордуна өз милдетин биле турган адам келсин. 30 жылдан бери Глобалдык фонддон ВИЧ, СПИДге каршы күрөшүү боюнча канчалаган каражат алдыңар. Кана азайып кеткени? Гомосексуалдар азаймак турсун көчөдө пикетке чыгып жүрүшөт. Азыркы вице-премьер убагында алардын эки жагында туруп колдоп жүргөн. Глобалдык фонд менен иштеп, Координациялык кеңешти жетектей турган адам бизге каяша сүйлөп, өзүнүн ишине жооп бербей жатса эмнени талкуулап жатабыз. Ага депутаттар оюнчукпу. Силер сүйлөй бересиңер, биз өзүбүз билебиз деп баятан бери жыргап, мыскылдап отурат", — деди Нарматова.


Натыйжада Байсаловду кызматтан алуу тууралуу президентке сунуштама жиберүү боюнча фракциянын жана депутаттык топтун чечими кабыл алынды.


Булак: "Спутник Кыргызстан"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн