Парламенттик шайлоо 31-октябрда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Телеграм каналы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, Жогорку Кеңеш шайлоо өткөрүү боюнча мыйзам долбоору жакынкы күндөрү Жогорку Кеңеште талкууланат.
"Жогорку Кеңештин шайлоосу 31-октябрда өтүшү мүмкүн. 35 депутат округдардан жеке мандат боюнча шайланат. Калган 55 депутат партиялык тизме менен депутат болот",- деди Бекешев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн