Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 13:23
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Парламенттик шайлоо, эл каттоо токтотулуусу мүмкүнбү? -Өкмөттүн жообу

17.03.2020 12:18
1016
Парламенттик шайлоо, эл каттоо токтотулуусу мүмкүнбү? -Өкмөттүн жообу


Жакынкы аралыкта пландалып жаткан эл каттоо өнөктүгү токтобайт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 17-мартта өкмөттө өтүп жаткан брифингде билдирди.


Анын айтымында, коронавируска байланыштуу эл каттоо иштери токтотулбайт, улантылат. 


"Болгону каттоо жүргүзүп жаткан адис эл көп чогулган аймакта сакталуучу эрежелерди колдонушу керек. Сактануу беткаптарын кийип, коргоо элементтерин туура алып барышы керек болот", - дейт ал.


Ал кошумчалагандай, каттоо үймө-үй кыдырып жүргүзүлгөндүктөн кооптонууга негиз жок. 


Мындан сырткары, Өмүрбекова Республикалык штаб шайлоо маселеси боюнча БШКга азырынча атайын сунуш менен кайрыла электигин айтты. Шайлоо маселелери боюнча Республикалык штабда талкуулар жүрүп жатканын, эгерде кандайдыр бир чечимдер болсо, сөзсүз түрдө БШКга берилерин билдирди.  


Белгилей кетсек, эл каттоо иштери 23-марттан 1-апрелге чейин улантылат.   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн