Бугу 10, 2024
Убакыт: 04:16
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Парламенттик шайлоо качан өтөрү айтылды

05.02.2021 12:06
2193
Парламенттик шайлоо качан өтөрү айтылды


Парламенттик шайлоо май айында өтпөй калышы мүмкүн. Мындай пикирин  БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.


Анын айтымында, Референдум жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин, май айында парламенттик шайлоону өткөрүүгө партиялар да, БШК да жетишпей калат.


"Референдум менен жергиликтүү кеңештин шайлоосун чогуу өткөрүү жакшы маселе. Ал 11-апрелде өтө турган болсо, биз жок дегенде 20 күндүн ичинде добуштарды эсептеп, арыздарды карап чыгышыбыз керек. Анан ошол эле айда парламенттик шайлоону өткөрүүгө партиялар да, БШК да физикалык жактан жетишпей калат", - деди Осмоналиев.

Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Таа
20декабрда мыйзам менен еле парламенттик шайлоо откоргондо ушул машакаша жок еле.Тебелеп еле атышат мыйзамды
Гулбар
4-октябрьдагы шайлоону кучундо калтырыш керек.Бутун Кыргызстанды,Мекенчилди,Замандашты,Ата-Мекенди .120 чимкирик мыйзамсыз отурушат.кетишсин