Бугу 16, 2024
Убакыт: 19:17
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Парламенттик шайлоо жылдырылышы мүмкүн

03.06.2020 15:47
1233
Парламенттик шайлоо жылдырылышы мүмкүн

Парламенттик шайлоо коронавируска байланыштуу жылдырылышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков журналисттерге берген маегинде билдирген.


Анын айтымында, шайлоону жылдыруу маселеси күзүндө эпидемиялык абалга жараша белгилүү болот.


"Азыркы учурда коронавирус пандемиясы качан токтоорун эч ким так айта албайт. Биздин Саламаттыкты сактоо министрлиги эмес, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да бул боюнча маалымат бере албай жатат. Андыктан күзүндө өтүүчү шайлоо да ушул пандемиядан көз каранды. Өзгөчө абал - бул Баш мыйзамда жазылган өзүнчө бир чоң мыйзам. Ал өкүм сүрүп турганда, мыйзам боюнча, шайлоо өткөрүлбөйт. Эгер күзүндө абал азыркыдан курчуп кетип, кайрадан өзгөчө абал киргизүүгө мажбур болсок, анда парламенттик шайлоонун да мөөнөтү жылдырылышы мүмкүн. Бирок баарыбыз гигиеналык эрежелерди сактап, бул оорудан арылуу аракетин көрөлү. Элибизден коронавирус батыраак чыгып кетсин", - деген Жумабеков.

 

Эске салсак, парламенттик шайлоо 2020-жылдын октябрь айында өтөрү буга чейин айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн