Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 13:07
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Парламенттик шайлоо октябрда өтөт, - Жапаров

16.03.2021 07:36
1767
Парламенттик шайлоо октябрда өтөт, - Жапаров

Парламенттик шайлоону октябрь айында өткөрөлү деген пландарыбыз бар. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров "Азаттык" үналгысына берген маегинде билдирди.


"Биз негизи июнь айында шайлоону өткөрүүгө аракет кылганбыз. Бирок Конституциянын жаңы долбоорун 10-январда референдумга коёлу десек НПОчулар, оппозиция жок болбойт деп туруп алды. Ошондуктан, 10-январда эки суроо менен чыктык же парламенттик, же президенттик. Эл президенттик башкарууну тандады.

Эми 11-апрелде референдум өтсө, 2-3 ай жаңы Конституцияга ылайык, мыйзамдарды кабыл алыш керек. Ошондо июль, август айларына барып калат экен. Анан биз 2 ай нарысы эмне, бериси эмне деп октябрь айында кайра парламенттик шайлоо өткөрүүнү пландап жатабыз",- деди Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн