Бугу 07, 2024
Убакыт: 12:06
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Парламенттик шайлоодо бир партия 54 талапкер көрсөтө алат

08.09.2021 15:05
1039
Парламенттик шайлоодо бир партия 54 талапкер көрсөтө алат


Алдыдагы парламенттик шайлоодо бир партияда талапкерлердин тизмесине чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, бир партияда талапкерлердин саны 54төн ашпашы керек. “Мурда партиялардагы талапкерлердин саны 200 адамга чейин болчу. Алардын арасында шайлоо учурунда убактылуу ишмердүүлүгүн токтоткон кызматткерлер дагы бар болчу. Бул административдик ресурс колдонууга алып келген. Ошондуктан биз тизмеде депутат болууну каалагандар гана болушу керек деп эсептейбиз. Анткени, 200 талапкердин арасынан чындап депутат болууну каалагандар 30-40 эле адам, калгандарына кызматтар берилип келген”,-деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн