Парламенттик шайлоо алдында үч партия биригип, бир партиянын атынан шайлоого катыша турган болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.
Анын айтымында, "Республика", "Бир Бол" жана Кыргызстан Либерал-демократиялык партиясы бириккен.
"Биз партия лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, парламенттик шайлоого чогуу катышууну чечтик. Үч партия биригип "Альянс" партиясы менен шайлоого аттандык",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн