БШКга Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуусун билдирген 67 партиянын документтери кабыл алынды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Айдана Жупуева "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, адегенде 75 партия шайлоого катышуу тууралуу арыз берген.
«Юстиция министрлигинде каттоодон өтүүдө көйгөйлөр болгондуктан, эки партиянын документтери Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынган жок. Ошондой эле, 2 партия өздөрү катышуудан баш тартты жана 4 партия банктык эсебин өз убагында ачкан эмес», - деп билдирди Жупуева.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн