Бугу 09, 2024
Убакыт: 19:54
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Парламенттик шайлоонун мөөнөтү жылдырылабы?

27.03.2020 13:21
904
Парламенттик шайлоонун  мөөнөтү жылдырылабы?


Депутат Дастан Бекешев Төрага Дастан Жумабековго парламенттик шайлоону кийинки жылга жылдыруу сунушу менен социалддык тармактагы баракчасы аркылуу  кайрылды. Анда ал Жогорку Кеңешке болчу шайлоону жылдыруу керектигин, мындан улам 1 миллиард сом үнөмдөлөрүн айткан.


Дастан Бекешевдин кайрылуусун өзгөртүүсүз беребиз: 


"Менин парламенттин төрагасына кайрылуум: 

Мына ушундай оор, кризисттик кырдаалда Президент жана Өкмөт кошумча каражаттарды табуу, чыгымдарды азайтуу боюнча ыкчам аракеттерди көрүп жатат.  Болуп жаткан окуяларга парламент да көңүл кош болбошу керек жана калкка жардам берүүгө өз салымын кошуусу зарыл.   


Төмөндөгү аракеттерди аныктоо үчүн парламентте жыйын өткөрүүнү сунуштайм: 


1) 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген парламенттик шайлоону жылдыруу өтүнүчү менен президентке кайрылып, аны 2021-жылы апрель айында боло турган жергиликтүү шайлоо менен чогу өткөрүүнү сунуштоо. Мындай аракет менен биз шайлоого керектелүүчү 1 миллиард сомду үнөмдөйбүз.


2)  Ушул жылдын октябрь айынан тартып, депуттарга айлык акы, сый акы, берүүнү токтотуу керек.  


3) Баардык депутаттар кирген өзгөчө комитет түзүү керек. Өзгөчө казынага  байланыштуу, социалдык-экономикалык жана  турукташтыруу боюнча мыйзам жоборлорду ыкчам карай турган (бир караганда 3 окуудан тең өткөрө турган).

 

4) Парламенттин регламентин убактылуу жокко чыгаруу керек, ыкчам кире турган мыйзам долбоорлорун коомдук талкууга алып чыгууну, мыйзам долбоорлорунун пайдасыз экспертизаларын токтотуу керек.      


5) Парламенттин комитеттеринин санын кыскартуу керек.  


6) Өкмөт менен бирге бат кабыл алынуучу мыйзам долбоорлорун иштеп чыга турган депутаттардан иш тобун түзүү керек (ар бир фракциядан 2ден депутат кошулат).


Убакыт күтүп турбайт. Иштеш керек." 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн