Ошентип Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине болгон 11-апрелдеги шайлоо жокко чыгарылды. Эми аларга кайрадан шайлоо өткөрүлүшү керек. Эмне себептен улам бул кеңештерде шайлоолор жокко чыгарылганы да коомчулукка белгилүү болду. Токмокто бир эле үйдө өтө көп сандагы шайлоочулардын катталып алган фактысы аныкталса, Бишкек жана Ош шаарларында добуштарды сатып алуу фактылары көбүрөөк байкалды.
Эми кайрадан шайлоонун мөөнөтү белгиленип, кайрадан ага катышууну каалагандар катталып, кайрадан үгүт иштери жүрөт. Мунун баарына акча каражаттары сарпталат. Мамлекеттин бюджетинен да, ага катышкан саясий партиялардын штабынан да каражат коротулат. Ансыз деле алсызданып турган экономикабызды ушундайча мыйзам бузуулар менен өткөн шайлоолорду кайра уюштуруу аркылуу дагы да алсыздантып жатабыз.
Ал эми айрым саясий партиялар кайрадан өтө турган шайлоого катышпай тургандыктарын да билдиришти. Демек, кээ бир партиялардын кайрадан өтө турган шайлоого каражаттары жетишсиз деп түшүнсөк болот. Ошентип шайлоолордогу мыйзам бузууларга, добуш сатып алууларга жана административдик ресурстарды колдонууга жол берүү аркылуу айрым саясий партиялардын капчыгын кагып, кийинки шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан болуп жатабызбы? Эгер шайлоолор таза өтсө, акчасы аз партиялар да шаардык кеңештерде орун алуусу мүмкүн эле да. Эмне үчүн добуштарды сатып алуу аракеттерин көргөн, шайлоо мыйзамдарын бузган саясий партиялардын аракеттеринин кесепетин башка партиялар дагы тартышы керек? Балким, шайлоонун жокко чыгышына алып келген саясий партияларды кийинки шайлоого катышуу укугун алып салып, ошону менен катар эле бюджетке жана аны менен атаандаш болгон башка (мыйзамдын алкагынан чыкпаган) болгон партияларга компенсация төлөп берүүнү милдеттендире турган норма керектир. Ошондо добуштарды сатып алуу, административдик ресурстарды колдонуу, бир эле үйгө көп сандагы шайлоочуларды каттап алуу сыяктуу көрүнүштөр жоюлат. Демек, шайлоо мыйзамдарына толуктоолорду киргизүү учур талабы болуп тургансыйт.
Болбосо, кайрадан өтө турган шайлоолорго кайра эле ошол партиялар катышат. Кайра эле баягы капчыктуу партиялар алдыга озуп чыгарынан күмөн жок. Кайра эле мыйзам бузуулар катталышы мүмкүн. Себеби, шайлоону жокко чыгарып салуудан башка олуттуу жоопкерчилик каралбай жатпайбы.
Экинчиден, Жогорку Кеңешке шайлоонун босогосу 3%ка чейин түшүрүлгөн. Ал эми шаардык кеңештерге шайлоо босогосу 7%дык босого боюнча калды. Эмнеге? Же жергиликтүү кеңештердин шайлоо босогосун 3%ка төмөндөтсөк болбойт беле? Болот болчу. Балким, ошондо шайлоо жыйынтыктарына нааразычылыктар да аз болмок, кайра шайлоо өткөрүү зарылчылыгы да туулмак эмес. Себеби, көптөгөн капчыгы жука партиялар да кеңештерге өтө алмак. Андыктан кайрадан шайлоо өткөрөрдүн алдында ушул пайыздык босогону дагы бир карап койгонубуз туура болчудай.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн