Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 06:12
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Парламенттин 7-чакырылышынан кимдерди көргүм келет?

13.03.2020 10:57
1044
Парламенттин 7-чакырылышынан кимдерди көргүм келет?


 

Депутаттардын баарын эле "чимкирик" деп урушкан эл. Бирок, баары эле андай эмес экени да белгилүү. Мурдараак 2015-жылы жаңы депутат болгон, жакшы иштеген депутаттарды тизмектедим эле, эми мурда да депутат болгон, бул жолу да жакшы иштеди деп мен ойлогон он депутат.

 

1. Каныбек Иманалиев. 4 чакырылыштын депутаты, болгону 50 жаштагы аш десе аш, иш десе ишке тойбой турган Каныбек Иманалиев акыл менен тажрыйба айкалышканда кандай депутат чыгарын 6-чакырылышта көргөздү. Руханий жан дүйнө жарды болуп, карайлап турган маалда Каныбек Иманалиев акскал болуп 80-90го чыкса да парламентте отурса жарашат. Бирок, бул кишини парламентте көп кармап отура бербей чоң кызматтарда, Кыргызстандын атынан жүрчү Эл аралык кызматтарда отурса да жарашат эле.

 

2. Исхак Масалиев. Атанын уулу Исхак Масалиев да жаш жагынан да, тажрыйба жагынан да аксакал болуп баратканын сезип, мамлекетчил жакшы депутат болуп берүүдө. Антип-мынтип бат эле 60 жашка келип калыптыр. Кыргызда муну жакшы карып баратат деп коет эмеспи.

 

3. Мыктыбек Абдылдаев. Багажында эч кимде жок мамлекеттик кызматтын тажрыйбасы бар Мыктыбек Абдылдаев да парламенттин көркү. Тагдыр чечер, кыйчалыш мезгилдерде үндөбөй кутулганы менен, жаш чиновниктерге кой союп жатканда жамбаштын этин көп чыгарып ийбе деген сыяктуу процедуралык каталарды айтып, аксакалдык милдетин аткарып келет.

 

4. Наталья Никитенко. Чынында кыргыздын алтын кызы. Жаш, позициясы бекем, тажрыйба менен билими ширелишкен бул депутат дагы парламенттин сыйлуу байбичеси болгончо парламентте отурса жарашат.

 

5. Карамат Орозова. Карапайым калктын катарынан чыккан Карамат Орозова кыйчалыш маалда бир топ партиялаштарынын арасынан жүзүн сактап калды. Жаш өтүп бараткан убакта мандат, байлык-бийлик дебеген нысаптуулугун көргөздү. Бул эжебиз да жакшы карып баратат.

 

6. Дастан Бекешов. Жаш, билимдүү, позициясы бар депутат. Караңгылык каптар турган маалда көкүрөгү менен туйган Бекешов дагы кыргыз парламенти үчүн абдан керектүү.

 

7. Чыныбай Турсунбеков. Бул депутатты көбү байлыгынан улам бизнесмен катары кабыл алып жатпайбы. Турсунбеков бизнесменден мурун филолог, мугалим, акын. Парламенттеги оор басырыктуу, мамлекет үчун пайдасы көбүрөөк депутат.

 

8. Асылбек Жээнбеков. Азыр микрофондон алыстап турган Асылбек Жээнбеков да жакшы депутат, эң узак убакыт спикер болгон. Менин жайыма койсо Асылбек Жээнбековду Эл аралык комитетти жетектетет элем, канча маселени биздин пайдага чечип келет эле. Кайрадан депутат болуусуна да каршы эмесмин, Икрам-сикрамдар таасир этип кеткенче иниси агасына жамандык каалабайт болуш керек.

 

9. Алмазбек Батырбеков. Алмазбек Батырбековчолук кайсы депутат эл өкулүнүн милдетин аткарды билбейм, бирок бул байке округуна иштөө жагын келтирди. Фракциясын толкутпай-ташытпай жакшы башкарып келатат. Кийинкисинде да депутат болсо пайдасынан бөлөк зыяны жок.

10. Алтынбек Сулайманов. Фракциясына кудайдан жөө качкандын барын топтоп алса дагы акыркы чакырылышта өзү бир топ өскөн, либералдык көз карашты карманган депутат Сулайманов дагы жакшы депутаттардын сап башына чыга алды.

 

Марат ТАГАЕВ, журналист

 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айбек
Каныбек Иманалиевди колдойбуз!