Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчисинен коронавирус аныкталды

18.06.2020 23:27
1186
Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчисинен коронавирус аныкталды


Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу COVID-19 илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-июнда өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу маалымдады.



Анын айтымында, ушул дем алыш күнү дене табы жогорулагандыгына байланыштуу үйдө олтуруп иштеп жаткан. Жумушка чыгар алдында алдын ала текшерүүдөн өткөн. Анын анализинен COVID-19 аныкталганын доктурлар бүгүн кабарлашып, буга байланыштуу дагы 14 күн үйдөн чыкпай иштемей болгон.

 


Мени менен жакын контактыда болгон Жогорку Кеңештин басма сөз кызматындагы башка кесиптештерим да дистанттык иш тартибине өтүүдө. Буга байланыштуу эртеңки иш-чараларыбыз түз эфирде чагылдырылбайт. Кесиптештеримдин баардыгынын анализи таза чыкса, келерки аптадагы жыйындарды толук чагылдырабыз деген үмүттөбүз”, - деп билдирди Нуракун уулу.



Ал кошумчалагандай, карантин учурунда бир дагы кесиптеши менен кол алышып учурашкан эмес, жумуш маалында ар дайым антисептик, бет кап колдонуп келген. “Тилекке каршы, аяган көзгө чөп түшөт дегендей, бул өзүм жана үй-бүлөм үчүн абдан өкүнүчтүү окуя болду. Ылайым, оорубаңыздар!”, - деп белгиледи Ибраим Нуракун уулу. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн