Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан жана партиялык система менен бара жаткан талапкерлерге дебаттарды өткөрүү форматын бекитти. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирет.
Маалым болгондой, бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөндөр облустук телеканалдарда дебатка чыгат.
Ал эми ЭлТР телеканалында саясий партиялардын жаштардан жана аялдардан турган талапкерлеринин ортосунда дебат уюштурулат. Партия лидерлери үчүн КТРКда өткөрүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн