Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 15:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Партияны алмаштыруу чапан алмаштырууга барабар болдубу?

03.03.2021 11:40
619
Партияны алмаштыруу чапан алмаштырууга барабар болдубу?


11-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна жалпысынан 59 партия ат салыша турганы белгилүү болду. Ат салыша турган партиялар курултайларын өткөрүп, талапкерлеринин тизмелерин да бекитип койду. Ушул эле партиялардын көпчүлүгүн парламенттик шайлоого катышуу да ниеттери бар.


Албетте, шайлоого катышуу укугун эч ким тебелебеши керек. Эгерде шайлоого 100 партия катышкысы келсе, демек ошончосу да катышууга укуктуу. Бирок, улам эле жаңы шайлоонун алдында партияларын алмаштыра берген саясатчыларды карап туруп, өлкөбүздүн туруктуу өнүгүү жолуна түшүүсүнө дагы узак убакыт бар окшойт деген ойго кептелесиң. Тойго барган сайын чапан алмаштыра бергендей эле көрүнүш болуп жатпайбы.


Мисалы, өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун алдында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен талапкер болгон Марлен Маматалиев учурда «Ынтымак» деп аталган партиянын лидери болуп чыга келди. Албетте, ал бул партиянын катарында жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна аттанган жок, бирок жаъы партиялаштары аттанды. Өзү ушул эле партия менен парламенттик шайлоого аттана турганы түшүнүктүү болуп турат.


«Ынтымак» партиясы буга чейин бир дагы шайлоого катышкан эмес. Ал 2012-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өткөнү менен, «уйкуда» жаткан партиялардын катарын толуктап келген. Партиянын мурунку жетекчиси коомчулукка аты-жыты белгисиз Курманбек Калбаев аттуу жаран. Эми ошол партияны М. Маматалиев жетектеп отурат. Демек, эми мурдагы «Мекеним Кыргызстан» аттуу туулбай жатып туна чөккөн партия менен парламенттик шайлоого катышкандардын жоон тобун ушул «Ынтымак» партиясынан жолуктурушубуз мүмкүн.


Ал эми өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынын атынан талапкер болгон Айбек Маткеримов «Ата-Журт Кыргызстан» аттуу жаңы партиянын лидери болуп калды. Демек, «Мекенчил» партиясы жергиликтүү кеңештерге да, парламенттик шайлоого да катышпай турганы жарыяланганы менен, анын мүчөлөрү башка партиялар аркылуу шайлоого аттанып жатышканын түшүндүк. Айбек Маткеримов менен кошо «Мекенчилден» «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына жоон топ талапкер келип кошулган болушу мүмкүн.


Генерал-майор Артур Медетбеков лидерлик кылган «Кыргызстан элдик демократиялык партиясы» партиясы дагы бир нече эски «биримдикчилерди» катарына кошуп алганы белгилүү болду. Мисалы, өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынын тизмесинде алдыңкы 50нүн катарында турган Кубанычбек Конгантиев, алдыңкы ондуктун ичиндеги Жусуп Коргонбай уулу эми «чапанын» алмаштырып, Артур Медетбековдун партиясынын катарына кошулушкан. «Елизавета» курулуш компаниясынын башкы директору Нуржан Тынымсеитова да «Биримдик» партиясынын атынан талапкер болгон эле. Эми ал да «Кыргызстан элдик демократиялык партиясына» келип кошулганы билинди. Эске сала кетсек, аталган курулуш компаниясы Бишкек шаарынын экс-мэри Азиз Суракматовго таандык. Бул ирет экс-мэр өзү да ушул партиянын катарына киргенин кечээ жакында өткөн курултайында билдик. Ал эми Н. Тынымсеитова «Биримдикке» келгенге чейин КСДП партиясынын атынан Бишкек шаардык кеңешинде депутат болуп отурганы белгилүү. Ошондо ал партияны бат-баттан алмаштыруу жагынан кыйла эле тажрыйбалуу болуп жатпайбы.


Айтор, өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» аттуу фаворит болгон партиялардын талапкерлери бул жолу деле жерде калышкан жок. Бардыгы дагы деле анын үстүндө. Болгону партияларынын аттары башка. «Мекенчил» партиясы шайлоого катышпай турганы менен, анын мүчөлөрү да башка партиялар менен стартка турушту.


Кыскасы, мурдагы эле талапкерлерди башка аталыштагы партиялар аркылуу шайлай беребиз. Улам бир шайлоо болгон сайын жаңы «туула» калган партияга жыкжыйма толуп алып, жергиликтүү кеңештерге, парламентке келип алышып, анан кайра кийинкисинде башка жаңы партияны түзө калып отурсак, бизде качан партиялык система калыптанмак эле? Экинчиден, аты булганып калган партияны таштай качып, башка партиялар менен шайлоого аттана берүү адаты токтобосо, качан биз таза, туруктуу, позициясы бекем депутаттарга ээ болобуз?


Аскарбек Жыргалбеков

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Кыргызстан тополон олко,боло берет