Бугу 03, 2024
Убакыт: 15:31
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Пашинян бийликке кантип келсе, ошондой жол менен кеткени калдыбы?

26.02.2021 09:06
602
Пашинян бийликке кантип келсе, ошондой жол менен кеткени калдыбы?


Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын күн өткөн сайын бийликтеги күнү бүтүп баратканы белгилүү боло баштады. Буга чейин оппозиция өкүлдөрү аны “Саткын!” деп кызматтан кетишин талап кылып келсе, 25-февралда Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси Оник Гаспарян Пашиняндын отставкасын талап кылган билдирүү жасаган. Армениянын куралдуу күчтөрү бийликтин армияны дискредитациялаган “чабуулдарына” көпкө чыдап келгенин, бирок бардык нерсенин чеги болорун” белгилөө менен, “премьер-министрдин жана өкмөттүн отставкасын талап кылып, элге каршы күч колдонуудан сак болууну эскерткен.


Мындай көрүнүшкө чычалаган Пашинян 25-февралда тарапташтарын аянтка чакырып, аларга арызданды. Ал армиянын мындай аракетин «аскердик төңкөрүш» катары баалап, кызматтан кетпей турганын айтууда. Бирок, армиян коомчулугу бийликке митинг, күч менен келген премьер-министрди каалабай турат. Ошол үчүн да анын бийлиги көпкө турбай турган болуп калды. Жакынкы убакта Пашинян бийликке кантип келсе ошондой жол менен кетип калышы толук ыктымал. 


Канатбек Аскаров


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн