Армения Тоолуу Карабак үчүн кармашта Азербайжандан таптакыр алсыз экенин моюнга алып, аталган аймактын маанилүү бөлүгүнөн кол жууду. Муну Азербайжандын, Армениянын жана Россиянын президенттери 9-ноябрда түндө кол койгон документ тастыктайт. Анда 20-ноябрга чейин Тоолуу Карабактагы бир нече жерлер азер тараптын көзөмөлүнө өтө турганы жазылган.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Фейсбук баракчасы аркылуу кайырлуу жолдоп, анда ал өзү жана эли үчүн оор чечим кабыл алганын айткан. “Армиябыздын күч-кубатын, абалын терең анализдегенден кийин ушундай чечим кабыл алууга аргасыз болдук. Бул мен жана менин элим үчүн өтө кайгылуу чечим”, - дейт ал.
Бирок, Арменияда Тоолуу Карабак боюнча келишимге каршы эл көтөрүлдү. Пашинянды бийликке алып келген сүрмө топ 10-ноябрга караган түнү нааразылык акцияга чыгып, өкмөт имаратына бастырып киришти. Алар парламенттин имаратын талкалап, спикерди унаасынан түшүрүп алып сабап салды. Ал эми премьер-министрди издеп, анын кайда экенин таппай жатат. Жаалданган топ элдик өкмөт түзүү ниетин билдирип, Пашинянды улуттук чыккынчы катары жоопко тартууну талап кылууда.
Ошентип мындан 2 жыл мурда бийликке сүрмө топтун күчү менен келген Пашинян ошол эле “толпанын” күчү менен бийликтен кулаганы калды. Анын тагдыры буга чейин Арменияны башкарган жетекчилердикинен алда канча татаал болуп, улуттук чыккынчы аталып калышы толук мүмкүн.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн