Бугу 12, 2024
Убакыт: 22:53
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Паспорт кризиси бүттү. Майдан тарта биометрикалык паспортко арыздар кабыл алына баштайт

23.04.2021 13:16
729
Паспорт кризиси бүттү. Майдан тарта биометрикалык паспортко арыздар кабыл алына баштайт



Чет элдик паспорт каатчылыгы толугу менен чечилди. Бул тууралуу КР премьер-министри Улукбек Марипов социалдык тармактагы түз эфир учурунда билдирди.


Ал 3-майдан баштап жалпы жарандык паспорт алууга документтер кабыл алына баштай турганын билдирди.


Эскерте кетсек, жаңы электрондук жалпы жарандык паспорттор 2020-жылдын 25-декабрында бериле башташы керек эле, бирок 2021-жылдын 1-апрелине жылдырылган. Ал арада мартта өлкөдө чет элдик паспортту берүүнүн тартыштыгы жана кечиктирүү кырдаалы жаралганы белгилүү болгон.


Анда өкмөттөн электрондук паспортторду берүү боюнча план кечиктирүү менен аткарылганы айтылган.


Ушуга байланыштуу чет өлкөлөрдө жүргөн КР жарандары үчүн 2004 жана 2006-жылдардагы үлгүдөгү Кыргызстандын паспорттору 2021-жылдын 1-сентябрына чейин узартылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн