Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:09
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Пауло Дибала коронавирустан сакайды

07.05.2020 18:39
1100
Пауло Дибала коронавирустан сакайды


“Ювентус” клубунун чабуулчусу Пауло Дибала коронавирустан толук айыкты.  Бул маалыматты футболчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.  


"Менин абалым кандай экенин өңүмөн эле байкасаңар болот. Мен акыры коронавирус инфекциясынан айыгып чыктым”, - деп жазган футболчу.


Аргентиналык футболчу алгач 21-мартта тест тапшырып, андан коронавирус аныкталган. Ал эми апрель айынын башында тапшырган анализинен да инфекция табылган жана бир нече суткадан кийин кайрадан тест тапшырып андан илдет кайрадан байкалган эле.


Дибаладан сырткары “Ювентус” командасынан Даниэле Ругани жана Блез Матюидиден COVID-19 вирусу аныкталган болчу.

Италияда коронавирус илдетин жуктургандардын саны 200 миңден ашты.

“Ювентус” командасы Серия А чемпиондугунда тизменин сап башында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн