Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Пайгамбар муктаж сакабасына кантип жардам берген?

09.04.2020 12:54
1229
Пайгамбар муктаж сакабасына кантип жардам берген?


Кайыр-садага, гуманитардык жардам берүүдө Исламдын талабы өтө катуу деп айтышат аалым-молдокелер... Үйдө эки күндүк тамакка жете турган оокаты (буюму, малы же дагы башка мүлкү) бар адамдын жардам алганы натуура дешет (кай бири макүрөө дешсе кай бири арам деп да айтышат), мисал катары Пайгамбарыбыздын өзүнөн көп балалуумун, үйдө ичер тамак жок деп жардам сурап келген сакабасына кантип жардам бергенин (сүннөт) айтышат...


Ал хадистин кыскача мааниси мындай: Сакабалардын бири Пайгамбарга кайрылат - көп балалуумун, үйдө ичер тамак жок калды, жардам кылыңыз - деп. Анда Пайгамбар сурайт - такыр эч нерсе жокпу деп, тиги жок деп жооп берет. Эмне оокатың бар үйдө деп сурайт, эч нерсем жок дейт. Такыр эч нерсе жокпу - деп кайра сурайт Пайгамбар. Сакаба - алдыга салып жата турган эски кийиз бар, тамак салып жей турган жалгыз табагыбыз бар дейт. Алып кел ошол оокаттарыңды - дейт Пайгамбар. Сакаба эски кийизи менен жалгыз табагын алып келгенде Пайгамбар жамаатка кайрылат - биздин сакаба кыйналып жатыптыр, көп балалуу, үйүндө иче турган тамак жок, болгону ушул кийиз менен табак бар экен оокаттан, ким сатып алат - деп. Ошентип сакабанын оокатын 3 дилдеге сатат. Анан анын бирин сакабага берип - бул бир дилде сенин үйбүлөңдүн бир күндүк тамагына жетеби? - деп сурайт, тиги - жетет - деп жооп берет. Анан Пайгамбар экинчисин берет - бул экинчи күндүн тамагы - деп. Анан үчүнчүсүн берет - а бул дилдеге азыр барып базардан бир балта анан аркан-жип сатып ал, үйбүлөңдү эки күндүк тамак менен камсыз кылып коюп бүгүн токтоосуз тоого жөнө, ал жактан отун алып таңы менен базарга түш - деп жөнөткөн экен.


Мен уккан Хадистин маанисин өзүм түшүнгөнүм, эсимде калганы боюнча айттым, бирок маанисин бузган жокмун. Молдокелер окуса тактап, китептерде кандай айтылса ошондой айтып беришет деп ишенем.


Бул Хадис мусулманчылыктагы жакырчылык, жакыр адамдарга жардам берүү философиясын толук көрсөтүп турат деп ойлойм. Мен бул окуяга жакынкы күндөрдөн бери ушундай катаал учурда элдин өтө жабыр тарткан катмарына жардам уюштуруп, үй-үйгө жеткирип берип жаткандар тарабынан айтылып жаткан окуялар, жардам сурагандардын арасында эки-үч кабат үйдө жашап, короосунда кымбат Жип машине тургандар деле бар экендигин жазып жатышкандан улам кайрылдым... Азыр жогоруда айтылгандай Пайгамбарга келип жардам сураган сакабанын ахвалында калган үй-бүлө өтө деле көп болбосо керек, ошондуктан колдо барына ынсап кылып, напсисин тыйып, Жаратканга шүгүрчүлүк келтирип, сабыр кылсак деген эле ой...


Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн