Кыргызстан Мусулмандарынын Муфтийи Максат ажы Токтомушев коронавирус илдетинен улам жаралган кырдаалда элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып, видео кайрылуу жасады.
Өз кайрылуусунда Муфтий элди сабырдуулукка жана санитардык эрежелерди сактоого үндөп, тарыхта мындан да оор сыноолор болгонун эске салган.
“Пайгамбарыбыз айткан, ыймандуулардын башына келген эпидемия аркылуу өлсө, ал шейит болот деген. Ооруп жаткандарга Алла Таалам шыпаа берсин. Бири-бирибизге материалдык колдоо көрсөтө албасак да, жылуу сөз менен колдоо көрсөтөлү”, - деген Максат ажы Токтомушев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн