Бугу 22, 2024
Убакыт: 06:35
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Пекин карантинге жабылды

18.06.2020 00:06
1011
Пекин карантинге жабылды


Кытай бийликтери Covid-19дун экинчи толкунуна жол бербөөгө аракет жасоодо. Миллиондогон пекиндиктер кайрадан карантиндик чектөөлөрдүн шартында жашап жатышат. 17-июнда борбор калаада дагы 31 адам коронавирус менен ооруп калды. Ошентип, 57 күн вирусу жок жашаган Пекинде соңку 7 күндө Covid-19 менен ооругандардын саны 137ге жетти.



21 миллиондуу Пекиндин 27 кичирайону орто тобокелдүү зоналар, вирус чыккан базарга канатташ Хуасян кварталы жогорку тобокелдүү зона деп жарыяланды.


28 кичи райондун жашоочуларына Пекинден кетүүгө тыюу салынды.


Бүгүнкүгө чейин Пекинден учуучу 1255 аба каттам токтотулду, 9-июлга чейин темир жол каттамдары чектелип, мектептер, бассейндер менен фитнес-клубдар жабылып, спорттук мелдештер токтотулду. Шанхайда Пекинден келгендер үчүн эки жумалык милдеттүү карантин киргизилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн