Бугу 13, 2024
Убакыт: 02:05
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Пекинде “согуштук мезгил” режими киргизиле баштады

13.06.2020 17:42
1115
Пекинде “согуштук мезгил” режими киргизиле баштады


Кытайдын борбору Пекиндин Фэнтай районунун аймагында жайгашкан “Синьфади” базарына барган 517 адамдын 45инен коронавирус аныкталгандан кийин, бүгүн, 13-июнда аталган базар жабылып анын айланысындагы 11 турак жай комплексинде катуу чектөөлөр киргизилди. Райондун башчысы Чу Цзюньвэй райондо “согуштук мезгил” режимин жарыялады.


Райондун жашоочуларынын үйдөн чыгууга укуктары жок жана алар оолактоо режимин катуу сактоолору керек. Райондо иштей баштаган үч баштапкы мектеп жана үч бала бакча жабылды.


Коронавирус базарда лосось балыгын тазалоочу тактадан табылган. Ал эми вирустуу балык Цзиньшэнь деңиз азыктары сатылуучу жабык базардан келгени аныкталды.


Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кытайдын айыл чарба министрлиги тамак-ашка колдонууга тыюу салынган жаныбарлардын тизмесин жарыялаган. Алардын арасында ит да бар.


Жаныбарларды коргоого адистешкен Humane Society International (HSI) уюмунун маалыматы боюнча буга чейин Кытайда жыл сайын 10дон 20 миллионго чейин иттер тамак-аш үчүн союлуп келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн