Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:48
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Пекиндиктерге 1,7 млрд доллар таратылат

08.06.2020 11:27
1285
Пекиндиктерге 1,7 млрд доллар таратылат

Пекиндиктерге 1,7 млрд доллар таратылат жана аларды каалагандай коротууга болот деп маалымдады РИА “Новости”.


Кытай борборунун бийликтери керектөөлөрдү жана жергиликтүү экономиканы стимулдоо максатында шаардын тургундарына жалпы суммасы 12,2 миллиард юанды (1,7 млрд доллар) түзгөн ваучерлерди таратууну баштады деп айтылат маалыматта.


Буга чейин Кытайдын башка 50 шаары, алардын катарында Ухань, Ханчжоу, Нанкин жана Шэньчень шаарлары да ушундай кадамдарга барышкан деп билдирди Блумберг агенттиги. Ваучерлерди дүкөндөрдө, кафе-ресторандарда коротууга, Интернет аркылуу соода кылууга, спорт, туризм жана билим алууга сарптоого болот.

Кытайдын улуттук статистикалык борборунун маалыматы боюнча жыл башынан берки алгачкы төрт айда борбор калаада чекене сатуулардын көлөмү 20,4%га азайып кеткен жана бул оолактоо мезгилиндеги бүткүл өлкө боюнча көрсөткүчтөн (16,2%) жогору.


Кошумчаласак, мындан мурда кризистин фонунда бул сыяктуу калкты колдоо программалары Японияда, Сингапурда, АКШда, Испанияда жана башка өлкөлөрдө же айрым шаарларда киргизилген.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн