Бугу 15, 2024
Убакыт: 04:51
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Пекиндин балык базарынан тараган коронавирустун геному табылды

19.06.2020 11:08
843
Пекиндин балык базарынан тараган коронавирустун геному табылды


Пекиндеги “Синьфади” балык базарынан тараган коронавирустун штаммдары Европада жайылган штаммдарга салыштырмалуу эски болуп чыккандыгын кытайлык эпидемиолог Лю Цзюнь билдирди деп ТАСС агенттиги бүгүн, 19-июнда маалымдады.


“Алгачкы геномдук изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча базарда тараган вирусту Европадан келди деп жатышкан, арийне ал европалык өлкөлөрдөгү штаммдардан өзгөчө айырмачылыктары бар болуп чыкты, ал европалык азыркы штаммдардан эски”, - деп айтты эпидемиолог.


Лю Цзюнь Кытайда коронавирус эпидемиясы башталганда Хубэй провинциясында вирусту изилдеген илимпоздордун тобун жетектеген. Учурда анын командасы пекиндик коронавирусту изилдешүүдө. Лю Цзюнь өзү штаммдардын үлгүлөрүн алуу үчүн “Синьфади” балык базарына үч ирет барган.


Балык базарынан табылган коронавирус штаммынын геному тууралуу маалыматтар 18-июндун кечинде Бүткүл дүйнөлук саламаттыкты сактоо уюмуна жөнөтүлдү. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн