Бугу 18, 2024
Убакыт: 03:34
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Пенсия жеткиргендер карылардан акча алып жатабы?

22.04.2020 13:46
1082
Пенсия жеткиргендер карылардан акча алып жатабы?


Жалал-Абад облусунун Сузак районунда пенсияларды жеткирип берүүдө 200 сомдон акча алып жатат деген калп. Бул тууралуу “Кыргызпочта” ишканасынын Сузак районундагы өкүлчүлүгүн жетекчиси Жаныбек Жолборсов айтты.


“Мындай маалыматтар телефон аркылуу түшүп жатат. Бирок конкреттүү кайсыл бир жаран арыз менен кайрылган жок. Ал эми байланшыка чыккан адамдарды акча чогултуп жаткандардын аты-жөнүн бергиле десек, андай фактыларды бербей жатат. Ал эми почта кызматкерлерине мыйзамдарды бузбоо тууралуу катуу талаптар коюлуп, пенсионерлердин акчасын так жеткирип берүү тапшырылган”, - деди Жолборсов.


Ошондой эле Жолборсов Сузак районунда 29 миң пенсионер бар экенин, алардын тогуз миң бир жүзүн почта тейлерин, калган 19 миңден ашууну банк аркылуу аларын айтты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн