Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 08:00
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Пенсия көтөрүлөбү? Министрлер кабинети пенсия маселесин талкуулады

06.08.2021 10:40
1325
Пенсия көтөрүлөбү? Министрлер кабинети пенсия маселесин талкуулады

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 5-августта Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиевди кабыл алды.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кеңешменин жүрүшүндө Социалдык фонддун иши, анын ичинде пенсиялык камсыздоонун учурдагы абалы каралды.


Социалдык фонддун төрагасы үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин пенсияларды жогорулатуу механизмдери жана пенсиялык камсыздоо тутумун реформалоонун негизги артыкчылыктары, анын катарында пенсияны дайындоо процедураларын жөнөкөйлөштүрүү тууралуу маалымат берди.


Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов белгилегендей, пенсиялык камсыздоо тутумун реформалоо жарандарга карата акыйкаттуулукту сунуштап, мурда төлөнгөн суммага шайкеш пенсия менен камсыздоосу тийиш.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Алымкулова Чынар Усекеевна.
Урматтуу Жаныбек Орозалиев сизден пенсия тууралу суроо менен кайрылып жатам. Жолдошум пенсияга чыкты 2500 сом менен. Жашы 60 та. 36 жылдык стажы менен азыркы күндө да эмгектенип жатат лицензияга налог төлөйт. 18 жылдык геологияда иштеген стажы бар ошол учурда соц фондго чоң суммадагы акчалар көтөрүлдү.Эми ошолор эсептелген күндө 2500 сом менен чыгарып койгон пенсиянын көлөмү ыйлагандыкелтирет. Эч жерде иштебеген жарандар 2600 менен чыгып жатат. Ушул суроого жооп берип койсоңуз мүмкүнчүлүгүңүз болсо?