Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Пеп Гвардиола коронавируска каршы күрөшү үчүн 1 миллион евро бөлдү

25.03.2020 09:27
676
Пеп Гвардиола коронавируска каршы күрөшү үчүн 1 миллион евро бөлдү


“Манчестер Сити” командасынын башкы машыктыруучусу Пеп Гвардиола Барселона шаарынын биргелешкен дарыгерлерине медициналык жабдыктарды алуу үчүн 1 миллион евро бөлүп берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, испаниялык машыктыруучу бөлгөн каражатка медициналык каражаттар алынып, Каталониянын бейтапканаларына таркатылат.


Учурда Испанияда коронавирусту жуктургандардын саны 40 миңге жакындады, каза болгондордун саны 2800гө жетти.


Гвардиола машыктыруучу катары Испания, Германия жана Англиянын чемпиону болгон. Ал ошондой эле, Чемпиондор лигасын эки ирет жеңген. Оюнчу катары 1992-жылы Олимп оюндарынын, Европа чемпиондорунун кубогун (Чемпиондор лигасы) жана Испаниянын чемпиону атыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн