Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Песков: Атайын операция максаттары ишке ашканда аяктайт

18.07.2022 13:51
770
Песков: Атайын операция максаттары ишке ашканда аяктайт


Орусиянын Украинадагы атайын операциясы анын бардык максаттары ишке ашканда аяктайт, так мөөнөтү жок, эң башкысы эффективдүүлүк, деп билдирди РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.


"Атайын аскердик операция максаттарга жеткенден кийин аяктаарына күмөнүбүз жок. Так мөөнөтү белгисиз, эң негизгиси бул операциянын натыйжалуулугу", - деди Песков "Россия 24" телеканалына жана Иран радиосуна берген маегинде.


Ал Россиянын президенти Владимир Путин РФ Куралдуу күчтөрүнүн жарандык инфраструктурага зыян келтирбөө жана жарандардын курмандыктарын болтурбоо боюнча так буйругу бар экенин бир нече жолу баса белгиледи.


"Ошондуктан куралдуу күчтөр өтө кылдаттык менен иштеп жатат, жогорку тактыктагы куралдарды колдонууда менен жарандык инфраструктурага эч кандай сокку урган жок, тилекке каршы, Украина тарап жөнүндө айтууга болбойт", - деди Песков.


Белгилей кетсек, Орусия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын “сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан бейбаштыкка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо” деп атаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн