Бугу 11, 2024
Убакыт: 22:37
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Песков: Россияда олигархтар жок

10.06.2020 17:26
985
Песков: Россияда олигархтар жок


Президент Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков өз акчаларын мамлекеттик саясатка таасир этүү үчүн пайдаланган олигархтар Россияда жок деп эсептей тургандыгын ТАСС агенттиги маалымдады.


Мындай пикирин Песков бүгүн шаршембиде билдирди. “Россиялык олигархтар туурасында бизде маалыматтар жок”, - деп айтты Кремлдин өкүлү жана өз акчалары менен саясатка таасир этүүгө умтулган ишкерлер гана олигархтар деп атааларын эске салды.


Песковдун бул пикири белорус президенти Александар Лукашенконун “россиялык олигархтардын акчасы республикадагы оппозицияны каржылоого пайдаланылып жатат” деген кебине айтылган жооп болду. “Алардын Белоруссияда эмне иш менен алектенип жүрүшкөнү жөнүндө кабарыбыз да жок”, - деп баса белгиледи Дмитрий Песков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн