Жер бетин тегиз каптаган коронавирус илдетинен улам бир нече миллион адам чын дүйнөгө аттанып кетти. Ушул эле илдеттин айынан дүйнө экономикасы солгундады. Өзгөчө бизге окшогон кичинекей мамлекеттер үчүн кесепети оорураак болуп турат. Жумушсуздардын саны өстү. Жакырчылык мурдагыга салыштырмалуу кыйла жогорулады. Кымбатчылык каптады. Ажал деген нерсе алыста жүргөндөй туюп келсек, азыр ал биз менен эле чогуу жатып, чогуу туруп жүргөнүн билип калдык.
Бирок, бул дүйнөнүн жалган экенин, жалган жашоодо ак пейил жана татыктуу тарбия менен жашоо зарылчылыгын али түшүнө алган жокпуз. Кырсык бир келсе, жалгыз келбей турганын, ал арты-артынан келерин көрүп турсак деле, пейил жана тарбияны оңой албай жатабыз.
Бир жылдан ашык убакыттан бери коронавирус качан кетет деп сарсанаабыз. Бирок, ал кетмек турсун, улам жаңы толкунун чайпап отурат. Байкашыбызча Кыргызстанда бул илдеттин үчүнчү толкуну башталган сыяктуу. Күнүнө 500-600 жаңы жуктуруп алгандар катталса, орточо 6-7 адам көз жумууда. Эми июль айы өткөн жылдагыдай болбосо экен деген түпөйүл кооптонуу бар.
Илдет күч алып, адам өлүмү чымындын өлүмүндөй эле таасирде болуп калганына карабастан, дагы деле саясатта сасык оюндар күч алып турат. Шайлоолор, андагы добуштарды сатып алуулар, бизнесин парламенттен коргош үчүн талапкер болгондор, бири-бирин саткан саясатчылар, кече мактап, бүгүн «боктогондор», кече сындап, бүгүн мактагандар уят деле көрүнүш болбой калды.
Ошентип саясатта былчылдашып жатып, бири камалып, бири оорудан улам каза болуп, бири качып отурат. Бирок, бийлик жана байлык үчүн кызарган көздөр али тое элек. Адам баласынын көздөрү тойбой турат. Эртең өлүп калсам да, бүгүн мансапка ээ болуп алайын, же тез эле байып алайын деген ач көздүк күчүндө.
Ынтымак жана ырк кетти. Коронавирус илдети башында кыргызстандыктардын ынтымагын бир аз бекемдегендей болгон. Бирок, ал убактылуу эле көрүнүш болду. Ынтымагыбыздын жоктугунан улам Баткендеги чек арада коңшуларыбыз кол салды. 36 мекендешибиз каза болду. Бул деле бизге сабак болбой калды окшойт. Дагы деле баягы эле саясат, баягы эле алдым-жуттумдук.
Тээ 1990-жылдардын аяк чендеринде кыргыздын кыздарын ич кийимчен сүрөткө түшүп берчи деп эч ким көндүрө албайт эле. Азыр кыздарыбыз өздөрүн өздөрү чечиндерип, өздөрүн өздөрү сүрөткө жана видеого тартып, кайра өздөрү аны «Тик-ток» кылып чыгара турган болушту. Ошолордон эртең кандай эне чыгарын элестетиш кыйын. Жылаңачтанып алып сүрөткө түшүп, аны жарыялагандар «Капаска камалганды жаман көрөм, ар бир адам эркин болуш керек» дешет. Кыязы, кийимчен жүрсө өзүн капаста отургандай сезет окшойт. Жылаңачтанган сүрөтүн жарыялап алып, «Менин жеке кат куржунума төшөктү эле эңсеп жазбагыла» деп коюшат. Өзүнө ошол «төшөк оюну» жетишпей жатканынан улам жылаңачтанып жатканын жашыргысы келет.
Биз бири-бирибизди укпай жана түшүнбөй калдык. Мамлекет – бул бир чоң үй-бүлө. Ал эми үй-бүлөдө бири-бирин укпай, түшүнбөй калса, анда бактылуулукту кайдан табасың? Атасын баласы, энесин кызы укпаса, аялы күйөөсүн, күйөөсүн аялы сыйлабаса, агасы инисин, иниси агасын түшүнүшпөсө, эже-сиңдилер бир туугандай боло албаса, ошол үйдө ырыскы жана бакыт болобу? Ар бир үй-бүлөдө тарбия берип турган, катачылык, кемчиликтерди оңдоп турган бирөө болушу шарт. Демек, мамлекетте да ошондой болушу керек. Ошондо гана пейил жана тарбия оңолот. Булар оңолсо, оору-сыркоо да, кырсык да бүгүнкүдөй үстөккө-босток боло бербейт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн