Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Пирматов Кочкор-Атада жашырынып жатып, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн сатып жатабы?

12.01.2021 09:36
1562
Пирматов Кочкор-Атада жашырынып жатып, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн сатып жатабы?


Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын депутаты Исхак Пирматовго УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатканын айрым маалымат каражаттары күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянуу менен жазып чыкты. Ага 2012-жылдагы кылмыш иштери боюнча териштирүү жүрүп жатканы кабарланууда.


Биздин ишенимдүү булактар Пирматовдун Кочкор-Атадагы санаторийлердин биринде жатканын маалымдады. Анын эс алып, же жашырынып жатканы белгисиз. Пирматов ошол эле учурда кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн четинен сатып жатканы чынбы? Бензин саткан заправкаларын, кымбат унааларын, батирлерин арзан баада болсо да өткөрүп, “артын” тазалап жатабы? Анын үстүнө Исхак Айтбаевичтин эч бир маалымат каражаты же социалдык баракчасы аркылуу үн катпаганы көп суроолорду жаратууда.


Кандай болгон күндө да ким болбосун кылмыш жасаса жооп берип, мамлекетке каржылык зыян келтирген болсо аны кайтарышы керек. Укук коргоо органдары Пирматовдун иши боюнча коомчулукка ачык маалымат берип, анын сатылып жатат деген мүлктөрүнө да тез арада көңүл бурса дейбиз. Биз болсо жаңы бийликтин ууруларга каршы аракетин колдоп, керек болсо маалыматтык жактан жардам берүүгө даярбыз. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Кыргыз
Бул жигит менен тааныштыгым деле жок бирок көп жыл алдын иш козголуп кайра токтоп калгандан кийин бийликте баары эле бир команда адамдар отурганын сездим эми мынтип иш кайрадан каралып жатканын угуп кичине ишеним пайда болду.