Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 00:07
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Пирматов: Санариптештирүү жылында Саламаттыкты сактоо министрлиги 4 компьютерге жетпептир

19.03.2020 12:07
651
Пирматов: Санариптештирүү жылында Саламаттыкты сактоо министрлиги 4 компьютерге жетпептир


Электрондук санариптештирүү жылында Саламттык сактоо министрлиги төрт компьютерге акча таба албай жатыптыр. Бул тууралуу ЖК депутаты Исхак Пирматов бүгүн, 19-мартта парламенттин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, Португалиядан келген жаран социалдык тармактар аркылуу жарыялап жатат: "Манас" аэропортунда учуп келген жарандардын анкеталарын медицина кызматкерлери төрт столго үчтөн отуруп алып, кол менен толтуруп жатышат.

  

"Мисалы, жакында учуп келген 144 адамды кантип таап, кантип далилдейсинер? Электрондук каттоо болгондо алар серверде калат эле да. Алар миңдеген адам менен байланышты да", - деди депутат.


Саламаттык сактоо министри Космосбек Чопонбаев бул суроого жооп берип, статистика кол менен толтурулуп жатканын моюнга алды. 


"Анкетаны кол менен жазышат. Бирок интернет аркылуу онлайн жүргүзүлүп турат. Ошондой болсо да паспорттору текшерилип, тастыкталып, анан аймактарга кетирилет. Ар бир өткөт жаран медициналык текшерүүдөн өткөндөр, аягына чейин көзөмөлдө турат", - деди министр


Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлигине коронавирустун алдын алуу жана ага каршы чараларды көрүү иштерине бюджеттен 30 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн