Бугу 06, 2024
Убакыт: 19:02
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

План 147,8 млрд. Жыл башынан бери республикалык бюджетке 160,2 млрд сом түшкөн

10.07.2023 14:23
290
План 147,8 млрд. Жыл башынан бери республикалык бюджетке 160,2 млрд сом түшкөн


Республикалык бюджетке салыктык кирешелер 118,3 млрд сом өлчөмүндө түшкөн, ал эми план боюнча 116,2 сомду түзгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Такталган план 2 054,8 млн сом суммага көп аткарылган. 2022-жылдын январь-июнь айларынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу салыктык кирешелердин көлөмү 27,1%га же 25 256,8 млн. сомго көбөйгөн.


Мамлекеттик салык кызматынын салыктык кирешелери 69,5 млрд сомду түздү же план 97,4 %га аткарылды, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда өткөн жылдын түшүүлөрү 8 184,9 млн сомго көбөйгөн. Мамлекеттик бажы кызматынын бажы төлөмдөрү январь-июнь айларында 48,8 млрд сомду түзүп, пландын аткарылышы 108,7 %ды түздү же 3 919,8 млн сомго ашыкча аткарылган. Өткөн жылдын тиешелүү деңгээлине салыштырганда бажылык төлөмдөрдүн жана салыктардын түшүүсү 17 млрд сомго көбөйгөн.


ЕАЭБ бажы  түшүүлөрү

2023-жылдын 6 айында Борбордук казыналыктын эсебине чегерүү жана бөлүштүрүү үчүн 17,1 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү которулган. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден 11 015,9 миллион сом белгиленген пландын ордуна 12 213,6 млн сом өлчөмүндө импорттук бажы алымы түштү. План 110,9%га аткарылды. Салыктык эмес  түшүүлөр (атайын эсептерди эске алуу менен) 35,3 млрд сомду түздү, же 23,6%га көп аткарылган, өткөн жылга караганда салыктык эмес кирешелер 12 млрд сомго көбөйгөн. Башкача айтканда 2023 жылга план боюнча 28,6 млрд сом  каралган. 2022-жылга карата өсүү темпи 151,8% ды түзгөн.


Түшүүлөрдүн олуттуу өсүүсү берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздарда, мамлекеттик акциялардын пакетине кошуп эсептелген дивиденддерде, жыйымдардан жана төлөмдөрдөн, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөрүнөн жана дагы башка салыктык эмес кирешелерден байкалууда.


МИни эсепке алуу менен расмий трансферттердин түшүүлөрү 6,5 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу МИ түшүүлөрү 875,0 млн. сомго көбөйгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн