Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Пневмония болгондор эми COVID-19га чалдыккан деп эсептелет, - Исмаилова

16.07.2020 16:47
1304
Пневмония болгондор эми COVID-19га чалдыккан деп эсептелет, - Исмаилова


Кыргызстанда пневмония боюнча статистикалык учурлар COVID-19 илдетинин көрүнүшү катары саналат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова 16-июлдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги эксперттердин тобу иштеп чыккан COVID-19 илдетинин Улуттук клиникалык колдонмосунун 3-версиясын бекитти. 


"Аталган Улуттук клиникалык колдонмосу COVID-19 илдетинин даражаларынан,  ооруган бейтаптарды дарылоо алгоритминен,  аны менен бирге өпкөнүн сезгениши (пневмония), стационардык жана амбулатордук жардамды көрсөтүүдөн турат», - деди Аида Исмаилова. 


Анын айтымында, ДССУ тарабынан кабыл алынган Эл аралык ооруларды классификациялоого  ылайык,  07 классы өзгөчө кырдаал шарттарында колдонулат. COVID-19 илдетин лабораториялык жол менен тастыкталган U07.1 кодуна жана лабораториялык жол менен тастыкталбаган, бирок клиникалык белгилери бар болуп, рентген аркылуу билинген 07.2 кодуна таандык келээри аныкталды.


«Коронавирус инфекциясын бирдиктүү шартта дарылоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, ПЦР- тест менен тастыкталбаган, бирок вирустук этиолгиясында клиникалык белгилери бар пневмония U07.2 кодуна кирет, мындан улам  пневмония боюнча статистикалык учурлар COVID-19 илдетинин көрүнүшү  катары саналат», - деп кошумчалады вице-премьер. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн