Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Пневмония менен коронавирус боюнча статистиканы бириктирүү зарыл деп эсептешет адистер

16.07.2020 08:10
1318
Пневмония менен коронавирус боюнча статистиканы бириктирүү зарыл деп эсептешет адистер


Өлкөдө пневмония менен коронавирус илдети боюнча статистиканы бириктирүү зарыл, деп эсептешет саламаттык сактоо тармагындагы белгилүү адистер. Мындай сунушту алар президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда билдиришти.

Алар жарандарга азыркы тапта өлкөдө бир гана көйгөй – бул коронавирус инфекциясы экени, пневмониядан каза болгон жакындарын жерге берүүдө COVID-19 илдетиндегидей эле талаптар сакталышы керектиги тууралуу кеңири түшүндүрмө берүү зарылдыгына көңүл бурушту.

Алардын айтымында, дарыларды туура эмес, көпчүлүк учурда социалдык тармакта берилип жаткан сунуштоолорго карап, антибиотиктерди баш-аламан колдонуу дагы дары-дармектердин тартыштыгына алып келип, жасалма дүрбөлөңдү жаратууда. Алар ошондой эле фармацевтикалык ишканалардын жетекчилерин социалдык жоопкерчиликке чакырышты.

“Клексан”, “Гепарин” өңдүү дары-дармектердин таблетка түрүндөгү алмаштыруучу дарылары бар экенин кошумчалашты. Эгер Өкмөт токтом менен аталган дарыларды алмаштыруучу дарыларды бекитсе, алар менен эл үй шартында дарыланып, калк арасындагы дүрбөлөңдү азайтууга жана стационарларга да күч келтирбөөгө көмөкчү болот.

Илдеттин тез жайылып кетүүсүнө карантиндик чектөөлөрдүн алынышынан кийин жарандар тарабынан санитардык ченемдердин сакталбагандыгы себеп болгондугуна токтолушту. Бул боюнча массалык той-топурларга тыюу салынып, коомдук жайларда санитардык нормалардын жана бет кап режиминин сакталышына көзөмөлдү күчөтүү, ал гана эмес аймактык карантиндик режимди киргизүүгө чейин баруу керектиги тууралуу ойлор айтылды.

Жарандар тарабынан обочолонуу жана гигиена ченемдерин сактоонун маанисин өзгөчө белгилешип, эпидемиологиялык кырдаал жакшырган өлкөлөрдө ийгиликтин негизги факторлорунун бири кол жууп, обочолонуу жана беткап тагуу сыяктуу негизги талаптарды аткаруу болгонун айтышты.

Азыркы шарттарда илдетке чалдыккандардын санынын көбөйүшү табигый көрүнүш экени, бирок өлүмдүн санын азайтуу боюнча чараларды көрүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулушу керектигин кошумчалашты.

Ошондой эле “тынымсыз байланыш телефону”, анын ичинде дары-дармектер боюнча да кошумча кызматтарды ачуу зарыл.

Бишкекке жана облус борборлоруна мамлекеттик-жеке өнөктөштөк принциби боюнча инвесторлорду тартуу менен комплекстүү заманбап ооруканалар курулаарын белгиледи. Инвесторлор менен тиешелүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

 Врачтарды реабилитациялоо боюнча илдет жуктуруп алган медиктерди Ысык-Көл облусундагы дарылануу жайларына жөнөтүү маселеси караштырылып жатканын эске салды.

 Мамлекет башчысы кырдаалга анализ жүргүзүү жана божомолдоо үчүн маанилүү болгон Коомдук саламаттыктын улуттук институтун түзүү тууралуу сунушту колдоого алды.

Сооронбай Жээнбеков медицина адистерине коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө жана жалпы эле саламаттыкты сактоо тутумун жакшыртуу үчүн керек болгон пайдалуу маалыматтарды бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн