Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 11:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанда пневмония, COVID-19 менен ооруган бейтаптар акысыз дарыланат

16.07.2020 16:10
2436
Кыргызстанда пневмония, COVID-19 менен ооруган бейтаптар акысыз дарыланат

Кыргызстандын жарандары үчүн пневмония жана COVID-19 диагноз менен ооруган бейтаптарды бекер дарылоо тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков 16-июлда билдирди.  


Анын маалыматына караганда, коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюуда медициналык кызматкерлерди камсыз кылуу үчүн алардын эмгегине акыйкат акы төлөө чечими кабыл алынды. Анда пневмонияны дарылап, күндүзгү стационарларда иштеп жаткан дарыгерлерге  компенсациялык төлөөлөр жүргүзүлөт. 


Жыл башынан тартып республикалык бюджеттен ММК фондунун бюджетине компенсациялык төлөмдөргө кошумча 233,7 млн сом бөлүнгөн. Ошондуктан бардык медицина кызматкерлерине, компенсациялык төлөмдөр толук көлөмдө жүргүзүлгөн. Бардыгы болуп төлөмдөрдү 20933 медициналык кызматкер алышкан, анын ичинде (дарыгерлер-5308, орто медперсонал - 9556, кенже персонал -3398, башка - 2671).


Белгилей кетсек, Бишкек жана Ош шаарларындагы БМСЖ, ошондой эле РКЖОО, ООБКО, ОШКО иштеген медкызматкерлерге кошумча төлөмдөр саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан төлөндү. Инфекциянын очогунда иштеген медкызматкерлерге жалпы 503,6 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөндү.  


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ася
Математикасын текшерип корсонор, туура эмес корунот. 233,7 млн/20933 =11 минден ашык акча алышмак. Кайда башкасы?