Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:02
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Пневмониядан каза болгондорду өзүнчө көмүүнүн кажети жок, - Акматова

14.07.2020 10:50
1214
Пневмониядан каза болгондорду өзүнчө көмүүнүн кажети жок, - Акматова


Пневмониядан каза болгондорду өзүнчө көмүүнүн кажети жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.


Анын айтымында, белгисиз этиологиялык пневмониядан каза болгондордун саны өсүп, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан атайын эрежелер иштелип чыкты.


“Маркумду ары-бери жылдырууга болбойт. Сөөк коюу аземине катышкан адамдар 1,5-2 метрлик аралык сакташы керек. Жакындарынын биринде курч илдет болсо катышууга тыюу салынат. Акыркы сапарга узатуу дин кызматкеринин жана жакын туугандарынын катышуусунда гана, эпидемиологдун көзөмөлүндө өтүүсү керек. COVID-19дан каза болгондор үчүн өзүнчө жер талап кылынбайт. Маркумду жеткирүү тамак-аш жана адамдарды ташыбаган атайын транспортто же башка унааларда болушу керек”, - деди Акматова. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн