Бугу 19, 2024
Убакыт: 16:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Пневмониядан каза болгондордун санын кыскартууга күч аракет көрүлүүдө

15.07.2020 08:36
947
Пневмониядан каза болгондордун санын кыскартууга күч аракет көрүлүүдө


COVID-19 жана пневмониянын адам өлүмүнө алып келген учурларынын санын кыскартуу үчүн бардык күч аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдирди, деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

Бороновдун айтымында, күн сайын жаңы күндүзгү стационарлар ачылууда, медициналык мекемелерде орундардын саны көбөйтүлүп жатат. Мындан тышкары бүгүн түнкү стационарлар ачылып жатат. "Медициналык мекемелерде иштөө үчүн башка өлкөдө иштеген биздин мекендештерибиз - тажрыйбалуу дарыгерлер тартылууда. Бирок дагы эле COVID-19 жана пневмониядан каза болгондор көп болууда. Бул терс динамиканы оңдоо үчүн дагы кандай жардам керек?", - деди ал.

Өкмөт башчы жыйындын катышуучуларына негизги милдет - адамдардын өмүрүн сактап калуу экенин эске салды.  

"Биздин негизги максат – дарыгерлерге көмөк сурап кайрылгандардын өмүрүн сактап калуу. Учурда оорусу күчөп кеткендер абдан көп, өзгөчө бул өпкөсү кагынган бейтаптарга тийиштүү, - деди өкмөт башчы.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн