Акыркы күндөрү пневмониянын белгилери менен түшкөн бейтаптардын саны өстү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 29-июндагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, дене табы көтөрүлүп, пневмониянын белгилери болгон бейтаптар ПЦР-анализдеринин жыйынтыгы жок, ооруканаларга жаткырылат.
"Акыркы күндөрү пневмониянын белгилери менен түшкөн бейтаптардын саны өсүп жатат. Алардын көбү оор абалда болууда. Ошондуктан реанимацияда учурда 26 адам жатса, 88 адам оор абалда. Булардын баары пневмония менен ооругандар", - деди министрдин орун басары.
29-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 269 учуру катталды. Муну менен республика боюнча жалпы 5017 учур болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн