Милициянын отставкадагы подполковниги Мажит Жороев 73 жашында каза болду. Бул тууралуу анын жакындары маалымдады.
Жороев Лейлек районунда 1947-жылы туулган. 22 жашында милиция тармагында эмгек жолун баштаган. ИИМдин бир топ жогорку кызматтарында иштеп 45 жашында эмгек өргүүсүнө чыккан.
Мажит Жороев 8 китептин автору, Курбаналы Сабыров атындагы сыйлыктын лауреаты жана Кыргызстан Жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн