Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 20:36
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Подполковник Мухаметалы Жантаев дүйнөдөн кайтты

01.07.2020 14:42
2395
Подполковник Мухаметалы Жантаев дүйнөдөн кайтты


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Ыкчам чара көрүү башкармалыгынын Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөтчүсү - 112 диспетчердик кызматынын башчысы, подполковник Жантаев Мухаметалы Жуманович 29-июнь күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. 


Мухаметалы Жантаев 1977-жылы Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Шакафтар айылында төрөлгөн. Билими жогорку, 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.


Эмгек жолу: 


- 2002-2005-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкы башкармалыгынын Түштүк өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын Жалал-Абад облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн Токтогул райондук өрткө каршы мамлекеттик кызматынын мамлекеттик өрт көзөмөл тобунда инженер;


- 2005-2013-жылдар аралыгында Чаткал райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы;


- 2013-2014-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин материалдык техникалык камсыздоо бөлүмүндө улук инспектор;


- 2014-2017-жылдары ӨКМдин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин Бирдиктуу нөөмөт диспетчердик кызматынын башчысы;


- 2017-2019-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Бирдиктүү нөөмөт диспетчердик кызматынын башчысы; 

 

- 2019-жылдын сентябрь айынан 2020-жылдын июнь айына чейин ӨКМдин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Ыкчам чара көрүү башкармалыгынын Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөтчү- диспетчердик кызматынын башчысы милдетин аркалап келген.


"Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттигинин жалпы эмгек жааматы маркумдун жакындарына кайгыруу менен көңүл айтат.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн