Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 23:51
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Поезд жүргүнчүлөрү үчүн эл аралык каттамдын акысы арзандайт

02.06.2022 14:10
465
Поезд жүргүнчүлөрү үчүн эл аралык каттамдын акысы арзандайт

 «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы Россия жана Казакстан темир жолдору менен макулдашуу боюнча 2022-жылдын 3-июнунан баштап эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин жол кире акысына арзандатууну киргизет. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, алсак:


1) Бишкек – Самара


Плацкарт вагондо балдардын билети 3 600 сомдон, чоңдор үчүн билет 9 643 сомдон башталат.


Купе вагондо балдардын билети 4 675 сомдон, чоңдор үчүн билет 12 694 сомдон башталат.


2) Бишкек – Казань


Плацкарт вагондо балдардын билети 4 592 сомдон, чоңдор үчүн билет 12 476 сомдон башталат.


Купе вагондо балдардын билети 6 217 сомдон, чоңдор үчүн билет 17 104 сомдон башталат.


3) Бишкек – Новосибирск


Плацкарт вагондо балдардын билети 2 940 сомдон, чоңдор үчүн билет 7 761 сомдон башталат.


Купе вагондо балдардын билети 3 801 сомдон, чоңдор үчүн билет 10 219 сомдон башталат.


• Шейшептердин баасын эсепке алуу менен.


• Салыктарды эсепке алуу менен.


• Поезд жөнөгөнгө чейин билетти канчалык эрте сатып алсаңыз, ошончолук арзан болот.


• Баалар валютанын алмашуу курсуна жана тарифке карата индексация коэффициенттерине жараша өзгөрүшү мүмкүн.


• Бир жүргүнчү үчүн, өзүнчө орун ээлебеген, 5 жашка чейинки балдар акысыз. 5 жаштан 10 жашка чейинки балдардын билети чоңдорго караганда эки же андан көп эсе арзан.


• Жүргүнчүгө 36 кг кол жүгүн жана жалпы 200 см үч өлчөмдүү жүктү бекер ташуу жана төлөм үчүн кошумча 14 кг.


• Үй жаныбары кол жүгүнүн нормасынын эсебинен бекер.


• Кол жүгүнүн нормасынын жана өлчөмүнүн эсебинен мотору жок, чечилген велосипед бекер.


• Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жүргүнчүлөр кол жүгүнүн белгиленген нормасынан ашыкча, алардын кыймылы үчүн зарыл болгон жабдууларды акысыз алып жүрүүгө жана жетектөөчү иттерди бекер алып жүрүүгө укуктуу.


• Поезд жөнөгөнгө чейин 24 саатка чейин комиссиялык жыйымдарды кошпогондо, акча кармап калбай, жол кире акысын кайтарып берүү.


Сурап билүү телефондору (0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92-68-40


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн