Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 00:06
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Польша элчисинин кызматтык мөөнөтү аяктады

26.05.2023 15:02
249
Польша элчисинин кызматтык мөөнөтү аяктады

Бүгүн, 26-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев миссиясынын аяктаганына байланыштуу Астана шаарындагы резиденциясы менен Польшанын Кыргызстандагы элчиси Селим Хазбиевич менен жолугушту. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришти.


Министр эки өлкөнүн ортосундагы жылуу жана достук мамилелерге канааттангандыгын билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстандын Польша менен эки тараптуу мамилелерди активдештирүүгө жана ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиги тууралуу маалымат берди. Ошону менен бирге түрдүү деңгээлдеги визиттерди алмашуунун маанилүүлүгүн белгиленди.


Тараптар Кыргызстанда ишкердик байланыштарды өнүктүрүү жана экономикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруунун зарылчылыгын макулдашты.


Мындан тышкары, актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча кыскача пикир алмашуу болду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн