Баш оона 21, 2025
Убакыт: 21:15
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Польшадагы президенттик шайлоолор экинчи тур менен жыйынтыкталат

29.06.2020 16:54
1503
Польшадагы президенттик шайлоолор экинчи тур менен жыйынтыкталат


Кечээ, 28-июнда Польшада кезектеги президенттик шайлоолор өткөрүлдү. Шайлоого 11 талапкер катышты.


Шайлоо протоколдорунун 99,78%ын эсептөөдөн кийин аракеттеги президент Анджей Дуда лидерлик позицияны ээледи.


Соңку маалыматтар боюнча ал 43,67% добушка ээ болду. Ал эми анын башкы атаандашы Рафаль Тшасковский үчүн шайлоочулардын 30,34 %ы добуш беришти. Үчүнчү орунга чыккан көз карандысыз талапкер Шимон Холвнянын алган добушу 13,85%га барып токтоду. Ал эми шайлоо комиссиясы жалпы катышууну 64,4% деп баалады.


РИА “Новостинин” маалыматы боюнча шайлонун экинчи туру 12-июлда өтөт жана анда Дуда менен Тшасковский күч сынашат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн