Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 09:28
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Польшадан келген медициналык топ өз мекенине учуп кетти

30.04.2020 08:53
1050
Польшадан келген медициналык топ өз мекенине учуп кетти


Кечээ, 28-апрелде Польша мамлекетинен келген медициналык топ өз мекенине учуп кетишти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.


Алар буга чейин Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгерлери менен биргеликте аталган ооруканада COVID-19 вирустук ифекциясынан дарыланып жаткан бейтаптарга көзөмөл жүргүзүштү. Ошондой эле ооруну дарылоо процесси, өздүк коргонуу каражаттарын колдонуу ыкмалары тууралуу пикир алмашуулар болду.


Польшалык дарыгерлер Кыргызстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгын чыгарып жатып, жүргүзгөн байкоолорунун негизинде өлкөдөгү коронавирустук инфекцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерге оң баа беришти.


Кыргыз дарыгерлер чет элдик кесиптештери менен таанышып, тажырыйба алмашып гана эмес, мындан ары да тыгыз кызматташтыкта болуп турууга макулдашты. Достук мамиле онлайн тартибинде уланмай болду.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн