Польшалык дарыгерлер Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында жергиликтүү дарыгерлер менен биргеликте бейтаптарды дарылап жатышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, эки күндөн бери польшалык дарыгерлердин эки тобу жандандыруу бөлүмдөрүндө иштеп жатат. Алар Италиянын Ломбарди шаарында COVID-19 вирусун дарылап топтогон тажрыйбалары менен бөлүшүп жатышат.
Ошондой эле, Республикалык бейтапканадагы коронавируска каршы колдонулуп жаткан дарылоо туура экенин баалаган. Мындан сырткары мекеме материалдык-техникалык жактан жакшы жабдылганын, бейтаптарды дарылоого бардык мүмкүнчүлүк бар экенин айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн