Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Посттордогу көзөмөлдөөгө ИИМ Академиясынын курсанттары тартылууда (видео)

01.05.2020 13:11
1004
Посттордогу көзөмөлдөөгө ИИМ Академиясынын курсанттары тартылууда (видео)

 

Ички иштер министрлигинин Академиясы коронавирус илдетине каршы аракеттенүү боюнча олуттуу салым кошууда, деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.


Өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден тартып ИИМ Академиясынын кызматкерлери жана курсанттары Бишкек шаарында коомдук коомсуздукту камсыздап, коронавирус илдетин алдын алуу чараларын жүргүзүшүүдө.


Азыркы учурда Бишкек жана Чүй облусунун аймагында жашаган бардык кызматкерлери менен курсанттары көчөлөрдө орнотулган посттордо коомдук коопсуздукту камсыздоодо, карантиндик режимдин эрежелерин бузууларын алдын алуу боюнча ишке тартылган.


Илдет менен күрөшүү эбегейсиз чоң физикалык жана моралдык жактан күч талап кылат. Академия укук коргоо багытындагы азыркы кырдаал учурунда кызмат өтөп жаткан жалгыз жогорку окуу жай болуп саналат”, - деп билдирет ИИМ.


Мындан тышкары ИИМ Академиясы аймакта жашаган курсанттарды аралыктан окутуу сабактарын уюуштурууну улантууда.


Бардык кызматкерлер жана курсанттар жеке коргонуу боюнча атайын каражаттар менен камсыздалган, ал эми казармалык абалда жашаган курсанттарга күнүнө 3 жолу тамак-аш берилип турат.





 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн