Бугу 16, 2024
Убакыт: 15:10
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Предметтик стандарттарды үйрөнүү боюнча мугалимдерге онлайн-тренинг өткөрүлдү

06.07.2020 17:54
1037
Предметтик стандарттарды үйрөнүү боюнча мугалимдерге онлайн-тренинг өткөрүлдү


Билим берүү жана илим министрлиги 7-11-класстардын мугалимдерине математика жана табигый илимдер сабактарынын предметтик стандарттарын үйрөтүү боюнча пилоттук режимде онлайн-тренинг өткөрдү.

 

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара 30-июндан 3-июлга чейин дистанттык окутуу технологияларын колдонуу менен уюштурулду. Ага Бишкек, Чүйдүн математика, физика, химия, биология жана география предметтеринин мугалимдери катышты.

 

Тренингди өткөрүү үчүн алдын ала бир топ жумуштар жүргүзүлдү: Google Meet, Google Classroom программаларын колдонуу боюнча тренерлерге деталдуу инструктаж өткөрүлүп, билим берүүчү контент Google Classroom программасына жүктөлдү. Тренинг материалдары санариптик форматка которулду, кадр артындагы текстти колдонуу менен тренерлер телестудияларда видеоматериалдарды даярдап, презентацияларды көрсөтүштү. 

 

Жаңы иштелип чыккан видеоконтент мугалимдерге математика жана табигый илимдер циклиндеги 5 предмет боюнча онлайн режиминде кыргыз жана орус тилдеринде кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүгө мүмкүндүк берет. 

 

Белгилей кетсек, 2019-жылы предметтик стандарттар боюнча тренингдер салттуу форматта өткөрүлүп, ага республиканын бардык аймактарынан 7 миңге жакын предметтик мугалимдер катышкан. Долбоордо 10 миң мугалимди окутуу пландаштырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн